Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров тоодо эс алып жүрөт 📷

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 1131 | 0

Президенттик шайлоого аттанган Садыр Жапаров тоодо эс алып жүргөн учурунан сүрөт жарыялады. Ал сегиз жылдан бери биринчи жолу эс алууга келгенин, бир жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктаганын айтты.

«Буга чейин 24 сааттын 20 саатын иш үстүндө өткөрүп жүрдүм. Себеби мурда мойнумда бир эле үй-бүлөнүн жоопкерчилиги болсо, бир жарым ай бою алты жарым миллион элдин, бүткүл кыргызстандыктардын тагдыры турду», — деп жазды Жапаров.

Ал 6-октябрь күнү бир да аткаминердин чекесине чертилбей, бир айнек сынбай, тынчтык жолу менен бийликти алмашты деп эсептейт.

«Албетте 5-октябрь түнү он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек чырактай уулубуз Үмүттүн каза болушу баарыбызды өкүндүрөт. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун, Кудайым бейишинен берсин демекчимин. Куран окуп туралы. Башка арга жок. Андан сырткары миңден ашуун жараныбыздын жаракат алышы да кейитпей койбойт. Сакайып кетишин тилейбиз. Колубуздан келишинче жардам бергенге аракет кылабыз».

Жапаров бир жарым айда бир топ ишти аткарганга үлгүргөнүн айтууда. Мисалы, жылдар бою басылып жаткан кагаз иштери ревизия кылынды.  Көптөн бери чечилбей келген жерлерди трансформациялоо маселелери чечилди.

Жүз миң сомго чейин насыя алып, үстөгүн төлөй албай жүргөн жарандардын үч айлык үстөгүн мамлекет төлөп бермей болду.

Жапаров сөзүн төмөнкүчө жыйынтыктады:

«Мендела Нельсон: «Бийлик башына келген адам өч алуу менен иш баштаса, анда мамлекетин жоготот. Эгер тараптарды чогултуп, бириктирүү менен иш алып барса, улуттун биримдигин орнотот», — деген. Тарыхтан сабак алып жашаганды үйрөнөлү. Ынтымакта бололу, урматтуу кыргызстандыктар!»

Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруу кызматын тапшырган. Мыйзам боюнча анын милдети парламент спикери Талант Мамытовго өттү.

Президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына документ тапшырган.

Ал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митингинен кийинки массалык башаламандык учурунда тарапташтары тарабынан абактан бошотулган. Жапаров алгач өкмөт башчынын милдетин аткарып, экс-президент Сооронбай Жээнбеков оставкага кеткен соң, президенттин милдетин кошо аткара баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM