Айыл чарбасындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү үчүн WhatsApp номер иштей баштады. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
(0555) 43-33-00 What’s App номуруна коррупциялык көрүнүштөрдү тастыктаган сүрөт, видео жиберсе болот.
Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп 22-октябрда дайындалган.