Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда дүйнөдөгү бийик тоолуу аймактагы эң ири күн электр станциясы курулду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2020 | 1783 | 0

Тажикстандын Мургаб шаарында өлкөдөгү эң ири күн электр станциясы ишке кирди.  220 кВт жаңы күн электр станциясы ачылганын АКШнын Тажикстандагы элчилиги билдирди.

«Бул объект Тажикстандагы, ошондой эле дүйнөдөгү эң бийик тоолуу аймактагы эң ири күн электр станциясы. Долбоордун курамына кубаттуулугу 180 кВт.саат болгон гибриддик электр энергиясын сактоочу станция кирет», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул күн электр станциясынын ишке кириши менен Тоолуу-Бадахшан Автономиялуу облусунун Мургаб шаарында 6000ден ашуун адам электр жарыгына ээ болушту.

Маалымат үчүн айта кетсек, Мургаб Тажикстандын деңиз деңгээлинен эң бийик жайгашкан шаары. Шаарда 3600 метр бийиктикте, жетүүгө кыйын шарттарда жашаган 6000 адам жашайт. Андыктан аймакты электр энергиясы менен камсыз кылууга жооптуу болгон «Pamir Energy» компаниясы жана улуттук электр тармактары аларды тейлегенге жетишпегендиктен электрди өчүрүп салышкан.

Жаңы күн электр станциясынын курулушу калкка электр энергиясын берүүнү калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

«Мургабда курулган күн электр станциясы аймактын электр менен камсыз болушун 50 пайызга жогорулатат. Бул калктын жашоо деңгээлин бир кыйла жакшыртып гана тим болбостон, региондун жалпы экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт», — деп айтылат малыматта.

Жаңы күн электр станциясы Тажикстан өкмөтү, АКШнын USAID жана жергиликтүү «Pamir Energy» компаниясы менен өнөктөштүктө курулган.

Copyright © 2017 Maral FM