Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 786 | 0

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Сиздин чыгармачылыгыңыз — улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым. Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү — «Манас» эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок Манаска келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз», — деди Садыр Жапаров жолугушуу учурунда.

Баарлашуунун жүрүшүндө манасчы Дөөлөт Сыдыков чыгармачылык чөйрөдөгү тоскоолдуктарды айтып берди. Садыр Жапаров Кыргыз Өкмөтү салттуу чыгармачылыкты өнүктүрүүнү аркалагандардын көйгөйлөрүн тез арада чечип берүүгө болгон күч-аракетин жумшарын айтып, манасчыга баалуу белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-ноябрда Гиннестин рекорддор китебине катталуу, муну менен бирге элди шыктандырып, биримдикке чакыруу максатында Дөөлөт Сыдыков борбордук «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт 51 секунд «Манас» айткан. Бул дүйнө жүзүндө кездешпеген уникалдуу көрүнүш болгонун айрым серепчилер белгилешүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM