Биз менен байланышыңыз

Мыктыбек Арстанбек президенттикке катышуу үчүн арыз тапшырды

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 586 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышуу үчүн «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мыктыбек Арстанбек арыз тапшырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 22 киши арыз тапшырган:

1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
5. Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) — активист;
6. Бакыт Бакетаев — саясатчы;
7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
9. Канатбек Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
11. Кубан Чороев — экономист;
12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
13. Назарбек Нышанов — активист;
14. Нурлан Мотуев — активист;
15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
17.Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
19. Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
22. Жамбылбек Камчиев – куудул.

Copyright © 2017 Maral FM