Биз менен байланышыңыз

«2010-жылдагы окуяларга бир эле Бакиевдерди күнөөлөгөн туура эмес»

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 583 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 2010-жылдагы окуяларда өлкөдөн чыгарылып кеткен 300 млн доллар боюнча пикирин билдирди.

Ага Бакиевдерди экстрадициялоо жана ошол кезде өлкөдөн чыгарылып кеткен 300 млн доллар тууралуу суроо берилди. Жапаров 300 млн доллар боюнча маселени карап көрөрүн айтты. Ошондой эле, ал Апрель окуяларына күнөөлүүлөр боюнча да токтолуп өттү: «2010-жылдагы окуяларда бир гана Бакиевдер күнөөлүү дегендин өзү туура эмес. Чындап карап чыкканда, ал жерде башка күнөөлүүлөр да бар. Эми аларды экстрадициялоо маселеси 10 жылдан бери ишке аша элек. Мен азыр бул маселени караганга жетише элекмин. Бирок, мурунку бийликтин аракетин улантам», — деп кошумчалап кетти.

Садыр Жапаров бүгүн маалымат жыйын өткөрүүдө. Буга чейин ал Жетим-Тоо, бир тууган эжеси, чек ара кызматы тууралуу пикирлерин билдирген. Төмөндө толук окуй аласыздар:

Жапаров: Чек ара кызматы УКМКга кошулса, эч кандай зыяны тийбейт

Жапаров: Мурда инвесторду президентке жолуктуруу үчүн 50 миң $ сурагандар болуптур

Жапаров: Жетим-Тоодогу кендин сырьёсун Кытайга экспорттоону карап жатабыз

Жапаров эпидемиологиялык абалга карабай эл менен жолукканын түшүндүрдү

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM