Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы беш адам каза болду. Анын үчөө Баткен облусунда, калганы Бишкек менен Чүй облусунда катталды.
Коронавирустан көз жумгандардын саны 1193кө жетти.
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 527 жаңы учуру катталды:
-Бишкек шаары — 108;
—Ош шаары — 51;
—Чүй облусу – 97;
—Ош облусу — 36;
—Талас облусу — 15;
—Нарын облусу — 7;
—Ысык-Көл облусу – 59;
—Жалал-Абад облусу – 105;
—Баткен облусу — 49.
Өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 64 миң 887ни түзүүдө.
Бир сутка ичинде 518 адам COVID-19 илдетинен сакайып чыкты. Бул оорудан айыккандардын жалпв саны 55 миң 824кө жетти.