Биз менен байланышыңыз

Орусиянын вакцинасы 92% эффективдүүлүгүн көрсөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 330 | 0

Орусияда иштелип чыккан коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасы сыноолордун үчүнчү баскычынын алгачкы натыйжаларына ылайык, эффективдүүлүгү 92 пайызды түздү. Бул тууралуу вакцина чыгарган компаниянын Twitter баракчасында маалымдалды.

Мындай натыйжа ыктыярчылар дарыны колдонгонуна 21 күн өткөн соң аныкталган.

Эске салсак, ушул жылдын 11-августунда Орусияда дүйнөдөгү биринчи коронавирус вакцинасы катталган. Декабрда алгачкы миллион дозасы чыгары күтүлүүдө.

Буга чейин Американын «Pfizer» жана Германиянын «BioNTech» компаниялары тарабынан ойлоп табылган коронавируска каршы дары 90 пайыз таасирдүүлүгүн көрсөткөн.

Түрдүү маалыматттарга караганда дүйнөдө 200дөн ашык вакциналар иштетилүүдө.

Учурда дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандар 51 миллиондон ашкан.

Copyright © 2017 Maral FM