Биз менен байланышыңыз

Пара алганга шектелип ички иштер кызматкери кармалды

Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 477 | 0

Пара талап кылуу фактысы боюнча ички иштер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын 9-ноябрында УКМК ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери А.Б. аттуу жаранды 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда кармады.

Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен миң доллар талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM