Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү суранды

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 904 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун онлайн саммитинде сөз сүйлөдү.

Ал пандемия ШКУнун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн айтып, бул уюмга мүчө мамлекеттер глобалдык коркунучка каршы күрөшүүдө тилектештикти жана өз ара колдоону көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттин башчыларына пандемия учурунда Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Айрыкча Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке салымын белгиледи.

«Мен Орусиянын жетекчилигине жана жеке Владимир Путинге Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө өз убагында, үзгүлтүксүз жардам көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелери бар. Мен сизден аларды телефондук сүйлөшүүдө талкуулоону суранат элем», — деди Жапаров.

Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү маселесин карап чыгарын айтты.

Садыр Жапаров мындан тышкары, уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларына Кыргызстандагы саясий процесстер тууралуу айтып, алдыдагы шайлоо таза жана атаандаштыкта өтөрүнө ишендирди.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы жыйынында эл аралык жана аймактык зарыл маселелер боюнча пикир алышуу уланууда. Жыйын соңунда бир катар документтер кабыл алынат.

Шанхай Кызматташтык Уюму 2001-жылдын 15-июнунда түзүлүп, учурда уюмга Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери мүчө. Ал эми Ооганстан, Беларусия, Иран, Монголия өлкөлөрү байкоочу мамлекет макамына ээ.

Copyright © 2017 Maral FM