Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы илим тармагы жаштарды канааттандырбайт

Билим-маданият | 10 Ноя 2020 | 1121 | 0

Бүгүн, 10-ноябрь — бүткүл дүйнөлүк Илим күнү. Аталган дата кесиптик майрам катары 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынган. Бул күндү белгилөөнүн башкы максаты Кыргызстандагы илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү экени айтылган. Анткен менен Кыргызстанда илим тармагы көз жаздымда калып, мамлекет тарабынан эч кандай колдоо таппай келет. Ошол эле учурда көзгө көрүнүп, көңүлгө толорлук бир да илимий эмгеги жок туруп, жемкорлук, тааныш салуу сыяктуу жолдор менен наам алгандардын көптүгү коомчулуктун сынына кабылууда. Улуттук илимдер академиясы илимий ачылыштарды жасоо үчүн каражат жана заманбап техника зарылдыгын айтып келсе, айрым жаш илимпоздор каражат жөн гана шылтоо экендигин, башкысы бюрократияны жоюу керектигин белгилешет.

Илим — бул: изилдөө жүргүзүү жана жаңы ачылыш. Бүгүн жаңы нерсе ойлоп табуу үчүн, жаңы ачылыштардан үмүт этүү үчүн көп каражат талап кылына тургандыгын Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев маалымдады.

Анын айтымында, илимдер академиясы бүгүнкү күндө негизи багыттар боюнча өз мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барып, өз сунуштарын берүүдө.

«Бүгүн жаңы нерсе ойлоп табуу үчүн көп каражат талап кылынат. Бизде негизинен Советтер Союзунан калган аспаптар же кандайдыр бир долбоорлордун негизинде келген шаймандар болуп жатат. Бүгүнкү күндөгү илим көп учурда «сыпаттама, сүрөттөөчү» түрдө болуп, мониторинг түрүндө гана байкап жазып калганбыз. Элдин баары илим деп ойлогондо эле бир жаңы машина же техниканы элестетишет. Азыркы илимден эгерде бир нерсе үмүт этсек, аябай көп каражат талап кылынат. Анда биздин эмне керегибиз бар, жаап эле койбойлубу? Жаап койсок болот. Бирок ошол эле учурда быйыл пандемия болду, мына ушундай учурда биздин окумуштуулар өздөрүнүн күчүнө жараша түшүндүрүп жатышты. Мен ойлойм, учурда окумуштуулар жеген тамагын акташууда. Көп нерсе үмүт этүү үчүн, каражат болушу керек».

Ал эми физик Улугбек Ажыбаев илим тармагын өнүктүрүү үчүн болгону бюрократияны жок кылуу керек деген пикирин билдирди. Анткени маселе акчада эмес, илим тармагына акчамды жумшайм дегендер көп.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө жеке менчик мектептер көбүрөөк өнүгүп, мамлекет тарабынан илим тармагын өнүктүрүүгө аз көңүл бурулууда. Жеке менчик ээлери ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүнү сунуштап, ошол эле учурда демөөрчүлүктү да өздөрүнө алганда да, мамлекеттик органдар создуктуруп же өздөрү жасабай, же башкаларды жасатпай, бюрократия кылып келет.

«Билим деңгээлин өнүктүрөм деген кишилерге жолду ачыш керек. Эч нерсеге уруксат бербей эле тырыша беришет. Каржы жана технология жок деген — чындыгында жөн гана шылтоо. Азыркы замандын шарты менен бир бөлчөктү билген окуучудан үч жылдын ичинде минимум 400 доллар айлык алган программист чыгарса болот. Бул нерсени жеке сектордо өзүбүз иш жүзүндө жасап жүрөбүз. Муну жалпы негизде жасаш үчүн бюрократияны жоготуу керек. Андан кийин бул тармакта секирик жасаса болот».

Коомдо, мамлекетте илимге, илимий изилдөөлөргө көп маани берилбейт. Көп жылдан бери бул тармакта маанилүү иликтөөлөр жасалбай, баркы түшүп кеткендей. Президенттик Аппараттын астында атайын изилдөө жүргүзүү үчүн Стратегиялык изилдөөлөр институту бар. Билим берүү тармагы боюнча адис, доктор Элира Турдубаева аталган институттун эмне иш жасап жатканы боюнча эч кимдин кабары жок экендигин, жакшы бир изилдөөсүн көрбөгөнүн айтып, сынга алды.

«Ал илимий изилдөөлөр фонду эмне иш алып барып жатат? Аты-жыты жок бир мекеме. Жок дегенде бир жолу көрүнүктүү илимий изилдөө жүргүзүп койбойт. Ошону жакшылап колго алып, университеттер менен иш жүргүзүү керек. Илимий-инновациялык фонд ачылышы керек. Ал аркылуу  илимий изилдөөлөр пландаштырылышы шарт. Мисалы, мамлекет кайсы тармакта өнүгүшү керек, кайсы тармакты приоритеттүү кылуу зарыл, бул боюнча изилдөө жасалууга тийиш. Бардык чечимдер изилдөөнүн негизинде кабыл алынышы керек. А бизде эч кандай изилдөө жок эле чечимдер кабыл алынууда. Мындан улам катачылык кетип, иштебей калып жатат. Натыйжалуу болушу үчүн биринчи илимий изилдөөгө таянуу керек. Бүгүнкү күндө аналитика, илимий изилдөө жагы аксап, артта калып жатат». 

Мындан сырткары ал айрым эл аралык донорлор тарабынан илимий изилдөөлөр жасалып келсе деле, чечим кабыл алууда ал окулбай же жеткиликтүү түшүнүлбөй турганын кошумчалады.

Кыргызстанда 64 университет болсо, алардын баары окутуучу окуу жайлары гана болуп, бир да изилдөө институту жок. Илим тармагын реформалоо үчүн биринчи кезекте университеттерди реформалоодон баштоо керектигин Германиядагы Тюбинген университетинин коомдук антропология бөлүмүнүн докторанты жана мугалими Гүлзат Баялиева айтты.

«Реформаларды биринчи кезекте студенттерден баштоо керек. Анан коомдук ойду жана кабыл алууларды өзгөртүп, илимий изилдөөлөрдүн таасирин, маанисин сездирүү керек. Маалыматтарды көрсөтүп, чыгарып, айтып турса, чоң деле каражат кетпейт. Ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташып, чакан фонд ачса, ошол жактан деле каржылоо алып, изилдөөлөрдү жасаганга шарттар түзүлсө, абдан пайдалуу болмок. Колдон келе турган нерсе. Лаборатория, изилдөө ыкмалары жана сурамжылоо жүргүзүү — мунун баары акча талап кылат». 

Кыргызстанда учурда эл аралык донорлор болгон АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID), БУУнун өнүгүү программасы  гана ар түрдүү темаларда изилдөө жүргүзүп келет. Изилдөөлөр көбүнчө англис тилинде болуп, кыргызча жарыяланбагандыктан, жалпы элге жетпейт.

Copyright © 2017 Maral FM