Биз менен байланышыңыз

«Мамлекет 100 миң сомго чейин насыя алгандардын 3 айлык үстөк пайызын төлөөнү көздөп жатат»

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 795 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров банктардан 100 миң сомго чейин насыя алгандарга мамлекет тарабынан жардам берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу ал Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарында эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

«100 миң сомго чейин насыя алгандардын 3 айлык үстөк пайызын мамлекет тарабынан төлөп берели деп жатабыз. 100 миң сомдон жогорку суммадагыларга жардам берүүгө мамлекеттин күчү жетпейт экен. Биз болгон күч-аракетибизди жумшадык. 100 миң сомго чейинкилер дегендерди билесиздер, аябай начар шартта жашагандар. Биз аларга жардам берүүнүн булактарын таптык, 1 миллиард 200 миллион сом сарпталат экен бюджеттен. Муну менен биз 600дөн ашуун үй-бүлөгө үстөк пайыз төлөөгө жардам бере алабыз. Банктар, каржы компаниялары менен чечишип, токтомду баарына жеткиликтүү кылып жазып коёбуз. Декабрь, январь, февраль айларындагы үстөк пайыздарды төлөсөк деп жатабыз», — дейт Садыр Жапаров

Ошондой эле ал пандемия шартында мамлекет жарандарга жеткиликтүү жардам көрсөтө албаганын, мындан улам азыркыдай кырдаалда колдон келишинче көмөк көрсөтүү зарыл экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM