Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 10-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, жаан, тоо этектеринде айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1… +4, күндүз +8 … +13;
Талас облусунда түнкүсүн -1… -6, күндүз +7 … +12;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10 … +15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8 … +13;
Нарын облусунда түнкүсүн -3 …-8, күндүз +8 … +13.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 … +2, күндүз +10 …+12 градус жылуу болот.