Биз менен байланышыңыз

COVİD-19: Бир суткада беш бейтап каза болду, 571 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 449 | 0

9-ноябрга карата COVID-19 илдетинен беш бейтап каза болду. Анын үчөө Талас облусунда, калганы Бишкек шаары жана Баткен облусунда катталды. Өлкөдө вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1182ге жетти.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 571 жаңы учуру катталды.

— Бишкек шаары — 154;
— Ош шаары — 52;
— Чүй облусу – 78;
— Ош облусу — 86;
— Талас облусу — 20;
— Нарын облусу — 1;
— Ысык-Көл облусу – 47;
— Жалал-Абад облусу – 77;
— Баткен облусу — 56.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 63 миң 390ду түзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM