9-ноябрга караган түнү Бишкектеги «Орто Сай» базарында өрт чыкты. Жеринде беш өрт өчүрүүчү бригада, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа иштеп жатканы кабарланган.
Өчүрүү иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов көзөмөлдөдү.
ӨКМ саат 02:16да өрт курчоого алынганын билдирген.
Азырынча жаракат алган адамдар туурасында жана өрттүн келип чыгуу себептери айтыла элек.