Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 3 бейтап каза болду, 439 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 569 | 0

Кыргызстанда 6-ноябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны 1170ке жетти. Акыркы суткада Бишкекте үч адам көз жумду.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 439 жаңы учуру катталды. Анын эң көбү Бишкекте.

— Бишкек шаары — 166;
— Ош шаары — 17;
— Чүй облусу – 55;
— Ош облусу — 24;
— Талас облусу — 17;
— Нарын облусу — 11;
— Ысык-Көл облусу – 45;
— Жалал-Абад облусу – 52;
— Баткен облусу — 52.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 61 миң 748ге жетти.

Бир сутка ичинде коронавирустан 512 адам айыкты. Оорудан сакайгандардын жалпы саны 52 миң 855ке жетти.

Copyright © 2017 Maral FM