Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Жапаровдун израилдик лобби компаниясы менен байланышы тууралуу үн катты

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 794 | 0

Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун израилдик лоббист менен 1 миллион долларга келишим түздү деген маалыматтарды расмий түрдө четке какты.

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келет», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө кыргыз өкмөтү жеке компаниялардын келишимдерин жөнгө сала албайт жана бардык эл аралык донорлор менен ишенимдүү мамиледе болгондуктан, жеке компаниялардын кызыкчылыктарын эл аралык аянтчаларда сүрөөнүн кажети жок деп эсептейт.

Өкмөт эл аралык инвесторлор менен иштөө боюнча ар кандай чечимдер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен гана кабыл алынарын эскертет.

Ошондой эле бул сыяктуу маалыматтар президенттик шайлоону утурлай Садыр Жапаровдун кадыр-баркына доо кетирүү максатында жасаларын билдирүүдө.

Ал эми Кыргыз өкмөтүнүн атынан бул келишимге Бишкекте катталган «Ренессанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын ээси делген Абдыманап Карчыгаев кол койгону документте көрсөтүлгөн.

Абдыманап Карчыгаевдин уулу, аталган корпорациянын жетекчиси Алтынбек Карчыгаев «Азаттык» радиосуна мындай келишимге кол коюлганын ырастап, «анын максаты негизинен тышкы карызды жоюуга байланыштуу болчу, бирок майда-чүйдөсүн атам билет» деген комментарий берген.

Кошумчалай кетсек, Абдыманап Карчыгаевдин Кыргызстанда, Орусияда катталган бир нече жеке фирмалары бар экени айтылууда.

5-ноябрда ForeignLobby.com сайты Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын өкмөтү башка өлкөлөрдүн расмийлери менен жолугушуу уюштуруу үчүн канадалык лобби компаниясы менен 1 млн долларга келишим түздү деген маалымат жарыялаган.

Маалыматта кыргыз бийлиги чет элдик донорлордон жардам алуу жана АКШ, Израиль, араб өлкөлөрүнүн расмийлери менен мамиле куруу үчүн баш кеңсеси Монреалда жайгашкан Dickens & Madson Canada лобби компаниясы менен келишим түзгөнү айтылат. Ал компаниянын жетекчиси Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери Ари-Бен Менаше болуп саналат.

ForeignLobby.com сайты Ари-Бен Менаше менен телефондо маек курганын жана кыргыз өкмөтү учурда анын кызмат көрсөтүүсү үчүн келишимдеги сумманын жарымын (500 миң доллар) бергенин айткан. Ошондой эле ал фирма Кыргызстандын өкмөт башчысы Садыр Жапаровду Американын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугуштуруу милдетин алганын маалымдаган.

Мындан сырткары макалада кыргыз бийлиги азыр каржылык колдоо алуу үчүн бардык тараптар менен кызматташууга даяр турганын, кызматташтык үчүн өлкөдөгү айрым кен байлыктын түрлөрүнө, айыл чарбасына, пахта өстүрүү секторуна чет элдиктерди кызыктырууга аракет кыларын кошумчалаган.

Ошондой эле Питтсбург университетинин башкаруу жана рынок борборунун директору Женнифер Муртазашвили да ForeignLobby.com басылмасына Кыргызстан тууралуу маек берип жатып: «Кыргызстандын учурдагы бийлигинин бул аракетин оппортунисттик мамиле катары кабыл алам. Камырды дубалга ыргытып, жабышабы же жабышпай калабы деп карап тургандай болуп жатат», — деген.

Макаланын толук варианты бул жерде:

Kyrgyzstan’s new president signs $1 million lobbying deal with eye toward US-Israel-Gulf aid partnership

Copyright © 2017 Maral FM