Биз менен байланышыңыз

УКМК: 1 млрд доллардан ашык насыя алып, банкрот болгон компаниялар аныкталды

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 5700 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 1993-2002-жылдары 1 млрд доллар насыя өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен факты боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 1993-2002-жылдары Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жогорку кызматтагы адамдары чет өлкөлүк банктардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, тамак-аш, фармацевтика, жеңил өнөр жайларын, тоо-кен тармагын өнүктүрүү, таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу (ж.б.) шылтоолор менен насыя алуу жана чет өлкөгө чыгаруу боюнча коррупциялык схема түзүшкөн.

Бул убакытта «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» АКсы, «Жибек-Жолу» АКсы, «Казкоммерцбанк» ААКсы, «Жылдыз» АКсы, «Кыргызпотребсоюз», «Жанар» АКы, «Чүй агро өнөр жай компаниясы» ЖЧКсы, «Ала-Тоо» мейманкана-ресторан комплекси, «Кыргыз Агробизнес» компаниясы, «Буудай» мамлекеттик ишканасы чет өлкөлүк банктардан кыргыз өкмөтүнүн кепилдиги алдында дээрлик 1 млрд долларга 40тан ашык насыя алышкан.

Кепилдик катары эл аралык банктарга өлкөнүн алтын-валюта резервинин бир бөлүгү коюлган. Бирок жогоруда аты аталган насыя алган ишканалар банкрот деп жарыяланып, жабылган.

Ал эми чет өлкөлүк банктар насыя төлөнбөгөндүктөн кепилдикке коюлган алтынды өздөрүнө алышкан. Ошондой эле айрым насыялар боюнча мамлекет бүгүнкү күнгө чейин акча төлөп келери айтылды.

УКМК Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин тергөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM