Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 200 кылмыш, 135 жорук каттоого алынды

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 323 | 0

Бүгүн, 5-ноябрга карата Кыргызстандын аймагында абал тынч, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тыкыр көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Ички иштер жана башка укук коргоо органдары өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.

4-ноябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 198 кылмыш, 135 жорук каттоого алынган.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM