Биз менен байланышыңыз

Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды берди

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 641 | 0

Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Өмүралиев Измир аймагында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго жана кыйроолорго байланыштуу түрк элчисине көӊүл айтты.

Андан соӊ тараптар кыргыз-түрк аскердик байланыштарын чыңдоо, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө пикир алышты. Элчи Кыргызстан менен Түркиянын аскердик-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты.

Түркия тарап Куралдуу Күчтөргө унаа техникасы жана ооруктук мүлк-буюмдарын тапшырды.

2015-2016-жылдары эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан аскердик-каржылык кызматташтык боюнча келишим түзүлгөн. Анын алкагында ушул жылдын сентябрь айында Түркиядан аскердик-техникалык мүлктүн биринчи партиясы келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM