4-ноябрга карата COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1163 адамга жетти.
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 495 жаңы учуру катталды.
- Бишкек шаары — 150;
- Ош шаары — 17;
- Чүй облусу – 78;
- Ош облусу — 52;
- Талас облусу — 23;
- Нарын облусу — 5;
- Ысык-Көл облусу – 37;
- Жалал-Абад облусу – 89;
- Баткен облусу — 44.
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 60 миң 774кө жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 527 сакайды. Вирустан айыккандардын жалпы саны 51 миң 815ти түзүүдө.