Биз менен байланышыңыз

Парламент БШКнын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин карайт

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 364 | 0

Эртең, 4-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлиги каралат.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырып, пленардык жыйындын кароосуна жиберген. Ал «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы тарабынан сунушталды. Сариев 16-октябрда кызматтан кеткен Атыр Абдрахматованын ордуна барат.

Акылбек Сариев 2010-жылы БШКнын төрагасы болгон.

Парламенттин 4-ноябрдагы жыйынында мындан тышкары, курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү, аква маданият, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө мыйзам долбоорлору, балык уулоо, балык уулоо туризмин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM