Биз менен байланышыңыз

Чолпон Талипбек: Аялзатынын укугун коргогон ыр жаздым

«Нон Стоп» дуэтинин экс-солисти, учурда жеке ырчы катары  таанылган Чолпон Талипбек аялзатынын укугун коргогон жаңы ыр жаздырды. Бул тууралуу ал «Марал» радиосуна эфирге келип, айтып берди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөк илип алып, сабап жаткан эркектин окуясы социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ырчы Чолпон Талипбектин ыр жазуусуна ушул окуя себеп болгон.

«Ырдын тексттин өзүм жаздым, «Барба» деп аталат. Буга чейин орус тилинде текст жазып жүргөм, бул кыргыз тилинде жазган алгачкы ырым болду. Таланттуу ырчы байкебиз Эрнест Жоошев мага обон жөнөтүп калды: «Сага бул обон жакса керек, угуп көрбөйсүңбү?» — деп. Дароо жактырдым. Бирок тексти жок болчу. Кийин эле жүрөктү зыркыраткан бир окуя болуп кетти. Ал мага өзгөчө таасир берип, ырдын биринчи куплети жаралды. Андан кийинки куплеттерин кандай болорун билип жаттым, бирок такыр жаза албай, убакыт өтүп, бир ай дегенде даяр болду. Дароо Эрнест байкеге барып көрсөттүм. Анын обонуна ушундай ыр керек. Буюрса, жакында жарык көрөт».

Ырчы дегеле акыркы убактарда аялзатын кордогон, басмырлаган учурлар көп катталып жатканын белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM