Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2-ноябрда Пакистандын элчиси Тарик Ханды кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда Руслан Казакбаев кыргыз өкмөтү мыйзамдардын негизинде чет элдик инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөрүн айткан.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалы, саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө Кыргызстан менен Пакистан өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.