3-ноябрга карата COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду. Анын экөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда катталды. Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 1159га жетти.
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 400 жаңы учуру катталды. Анын эң көбү Жалал-Абад облусунан чыкты.
- Бишкек шаары — 88;
- Ош шаары — 9;
- Чүй облусу – 59;
- Ош облусу — 33;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 7;
- Ысык-Көл облусу – 35;
- Жалал-Абад облусу – 97;
- Баткен облусу — 68.
Учурда ооруканаларда 3367 бейтап бар, анын 109у өтө оор абалда. Үй шартындагы дарыланууда 3889 адам бар.
Ошол эле акыркы суткада COVID-19 илдетинен 547 бейтап сакайды.
- Бишкек шаары – 125;
- Ош шаары – 22;
- Чүй облусу – 65;
- Ош облусу – 117;
- Талас облусу – 12;
- Нарын облусу – 6;
- Ысык-Көл облусу – 38;
- Жалал-Абад облусу – 96;
- Баткен облусу – 66.
Кыргызстан боюнча дагы 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, ошондой эле 19 медик айыкты. COVID-19 вирусу 3624 медикке жугуп, 3359у сакайды.