Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы элчилик: Паспорт маселелери боюнча иш убактысы узартылды

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 343 | 0

Паспорт маселелери боюнча кайрылуулардын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Кыргызcтандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүндө иш убактысы узартылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

  • Иш күндөрү эртең мененки саат 08:30дан кечки 20:30га чейин — биринчи кезекте электрондук билеттин жардамы менен (талон алуу), алдын ала жазылбастан;
  • Ишемби күндөрү саат 10:00дөн 14:00гө чейин Орусиянын алыскы аймактарынан келген жарандар алдын ала суроо-талаптары боюнча кабыл алынат;
  • Аймактардан келген жарандардын саны көп экендигин эске алуу менен, консулдук бөлүмдүн 4992385069@mail.ru электрондук дарегине жазылуу тизмесине киргизүү үчүн, кайрылуу жөнөтүшүү керек.

Элчилик 2020-жылдын октябрь айында 1342 жаранды паспорт алуу / алмаштыруу үчүн кабыл алган. Ал эми өткөн жылдын октябрь айында аталган маселе боюнча Кыргызстандын 320 жаранын кабыл алган.

Маалыматка караганда, паспорт маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу өткөн жылдарга салыштырмалуу үч эсеге көбөйдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM