Биз менен байланышыңыз

Министрлик: 5-октябрдагы окуяларда жаракат алган бала комадан чыкты

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 644 | 0

5-октябрда болгон окуяларда жаракат алган 24 жаштагы Улан Эркинбек уулу комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 2-ноябрь күнү Саламаттыкты сактоо министри 5-октябрдагы окуяларда жаракат алган жарандар дарыланып жаткан Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна барган.

Аталган борбордун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, учурда 24 жаштагы жигиттин абалы акырындан жакшыра баштады.

«Бейтап комадан чыгып, бүгүн аны нейротравматология бөлүмүнө которуп жатабыз. Азырынча анын абалы оор бойдон калууда. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Ал узак убакыт реабилитациядан өтүш керек болот. Ошондой эле бизде дагы 7 жабырлануучу дарыланып жатат. Алардын абалы жеңил. Медициналык жардам үчүн кайрылгандарды кабыл алып жатабыз. Жабырлануучулардын бири бүгүн кайра кайрылып, ооруканага жаткырылды», — деди ал.

Бишкекте 6-октябрга караган түнү болгон башаламандыктар учурунда 24 жаштагы Улан Эркинбек уулу катуу жабыркап, баш сөөгү майдаланып кеткен. Бул тууралуу Кактус медиага анын туугандары кабарлашкан.

Маалыматка караганда, жабыркаган баланын башына ошол эле түнү операция жасалып, андан бери комадан чыга элек болчу.

Октябрда болгон окуяларда жаракат алган 1 миң 250 киши кайрылып, алардын ичинен 279у ооруканаларга жаткырылган.

Бүгүнкү күнү 8 киши Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланууда.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар тынчтык митингин өткөрүшкөн. Ал эки күнгө созулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык менен коштолгон. Толкуган эл Ак үй басып алып, бийлик алмашкан. Ал учурда күч түзүмдөрү менен митингчилер арасында кагылышуу болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM