Мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна биз ар дайым өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен районундагы Көк-Таш – Тамдык жана Ак-Сай – Рават унаа жолдорунун курулушу менен таанышкан учурда билдирди.
Транспорт жана жол министрлигин маалыматы боюнча, Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт. Анын 23,5 чакырымы салынып бүттү.
Садыр Жапаров Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун чектеш аймак үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Жолдун бүткөрүлүшү менен Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарына Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз унаа жолу болорун кошумчалады.
Ошондой эле Ак-Сай — Рават жолунун курулушун, Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын байланыштырган көпүрөнүн курулушун көрдү.
Транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев жергиликтүү калк үчүн аталган көпүрөнүн мааниси чоң экенин айтып, анын курулушу 2020-жылдын аягында бүтөрүн кабарлады.
Садыр Жапаров Баткен элинин акыбалы, чек арадагы каармандыгы өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгиледи.
«Элдин жашоосу, чоңдордун бул аймакка дээрлик аз келиши, бүтпөгөн чек ара чырлары – менин көңүл чордонумда дайыма турат. Баткен – Кыргызстандын картасындагы эң алыскы жана 2 мамлекет менен чектешкен саясий стратегиялык аймак. Ошондуктан мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз», — деди Садыр Жапаров.