Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 3-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 … +5, күндүз +13 … +18;
Талас облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз +13 … +18;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +17 … +22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +9 … +14;
Нарын облусунда түнкүсүн -4 … — 9, күндүз +7 … +12.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2 … +4, күндүз +16 …+18 градус жылуу болот.