Биз менен байланышыңыз

Британиялык белгилүү актёр Шон Коннери кайтыш болду

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2020 | 554 | 0

31-октябрь күнү Британиялык белгилүү актер Шон Коннери 90 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал түндө уктаган боюнча эртеси күнү ойгонгон эмес. Актёр акыркы убакта ооруп жүргөндүгүн Би-Би-Си анын жакындарына таянып кабарлады.

Жеймс Бонд тууралуу фильмдерде аткарган ролу Шонн Коннериге атактуулук алып келген. Ал чыгармачыл ишмердигинде 70тен ашуун фильмде ойногон.

Эскерте кетсек, Шонн Коннери — «Оскар» сыйлыгынын лауреаты. «Алтын Глобус» — сыйлыгынын үч жолку жана  «BAFTA» сыйлыгынын эки жолку ээси.

«Оскар» — сыйлыгын актер 1988-жылы, «Неприкасаемые» драмасында экинчи пландагы эң мыкты актер катары ирландиялык полиция кызматкеринин ролу үчүн алган.

Томас Шон Коннери 1930-жылдын 25-августунда Единбургда төрөлгөн. Актер гана эмес, продюсер катары да белгилүү. Кинодон тышкары театрда жана теле берүү тармагында да иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM