Биз менен байланышыңыз

Макрон: 7 миңге жакын аскер коопсуздукту сактоого тартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 513 | 0

Францияда Ницца жана Авиньондогу кол салуудан соң террордук коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланды. Бул тууралуу француз премьер-министри Жан Кастекс кабарлаганын Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн полиция жана армия мобилизацияланды. Бүгүн, 30-октябрда Франциянын Коргоо боюнча кеңешинин жыйыны өтөт.

Кастекс акыркы окуяларды «Франция коркок, варвардык кол салуу менен бетме-бет келди» деп сыпаттады.

29-октябрда Ниццада бычак менен куралданган адам чиркөөдөгү адамдарга кол салып, үч адам каза болуп, бир нече адам жаракат алган.

Бул кылмыш теракт катары териштириле баштады жана шаардагы бардык чиркөөлөр жабылды.

Кандуу окуядан соң өлкө президенти Эммануэл Макрон Ниццага келди. Ал жети миңге жакын аскер коопсуздукту сактоого тартылганын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM