Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк валюта рыногуна 42 млн доллар сатты

Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 391 | 0

Улуттук банк 29-октябрда валюта рыногуна 42,4 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын маалыматтарында айтылат.

Улуттук банк сомдун курсун туруктуу сактоо максатында жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасады. Октябрь айында экинчи жолу доллар сатылды.

Доллардын кыргыз сомуна карата расмий курсу ушул тапта 81 сом 80 тыйынды түзүүдө.

Ал эми банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 81 сом 90 тыйынга чейин жетүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM