Биз менен байланышыңыз

Воропаев: Бишкек ЖЭБинде эч кандай жарылуу болгон жок

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 457 | 0

Бишкек жылуулук электр борборунда эч кандай жарылуу болгон жок. Бул тууралуу борбордун директору Андрей Воропаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБдеги энергетикалык жабдыктын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткен. Буга байланыштуу ал жактан чыккан 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголгон.

«Электр жарыгы өчкөн учурда 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткен. Мындан улам станцияга күч келип,  жылуулук берүү токтогон. Азыркы тапта станциянын иши 75 пайыз калыбына келтирилди, иш уланууда. Тургундар кабатырланбай койсо болот, мындай учур мурун да болгон», — деди Воропаев.

Буга чейин соцтармактын колдонуучулары байкаган түтүн буу казан агрегаттарынын иштен чыгышына жол бербөө үчүн жабдуудан чыккан буу болуп саналат.

Учурда жогорку чыңалуудагы тармактардагы системанын иштен чыгуу себептери иликтенүүдө.

Бүгүн, 29-октябрда Бишкектеги подстанциялардын биринде авария болуп, шаардын дээрлик жарымы электр жарыгысыз калды.

Айрым райондордо азыр да жарык жок. «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы электр жарыгынын жапырт өчүшүнүн себеби такталып жатканын кабарлады.

Бишкектин Чыгыш-5, Аламүдүн-1, Туңгуч сыяктуу түштүк кичи райондорунда, «Айчүрөк» соода борбору, филармония, Политех, Түштүк-2, Төмөнкү Ала-Арча аймактарында жарык өчтү.

«Улутттук энергохолдинг компаниясы» ААКнын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1 млн 110 миң тонна көмүр керек. Учурда кампада 296 миң тонна отун бар. Анын 28 500 тоннасы импорт, 268 миң тонна ата мекендик көмүр. Бул 2 айга жетерлик көлөм.

От казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатканы айтылды. Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык обьект.

 

Copyright © 2017 Maral FM