Биз менен байланышыңыз

JIA Өзбекстандын компаниялары менен ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет кылууда

Кыска кабар , Экономика | 23 Окт 2020 | 561 | 0

JIA Бизнес-ассоциациясы Өзбекстандын компаниялары менен ишкердик багытында кызматташып өлкө экономикасын көтөрүүнү максат кылууда. Бул тууралуу 22-октябрь өткөн JIA Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушуусунда айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар потенциалдуу тармактар ортосундагы кызматташууга көңүл бурду. Ошондой эле , айыл -чарба техникалары, иш сапарларды уюштуруу, эки өлкөнүн ишкерлери арасында B2B жолугушууларды уюштуруу жана кызматташуу маселелери талкууланды.

«Көп учурда Өзбекстандын бизнеси өндүрүштүн ири көлөмдөрүнө басым жасайт. Ал эми биздин өлкөдө мындай көлөм жетишсиз болуп келет. Биз Кыргызстандан сатып алууларды консолидациялап, андан кийин Өзбекстанга жөнөтсөк болот», — деди JIA башкаруу кеңешинин мүчөсү Урмат Акматов

Ассоциациянын төрагасы Жоодар Омошов Кыргызстандагы бардык сатып алууларды жөнгө салып, бириктирип, бирдиктүү транспорттук тутум менен Кыргызстанга жеткире турган уюмду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүктү өнүктүрүү керек экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап үчүн тең артыкчылыктуу багыттар аныкталды: текстиль, айыл чарба, туризм. Ошол эле учурда, тараптар жеке кызматташуу үчүн ушул багыттарда анализ жүргүзүүнү макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM