Connect with us

Австралиянын токойлору дрондун жардамы менен калыбына келтирилүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 962 | 0

2019-2020-жылдары Австралиянын түштүк-чыгышында 11 миллион гектар аянтты ээлеген токойлор өрттөнүп, 7 миллиардга жакын бак-дарак күлгө айланып, табият бүлгүнгө учураган. Мындан улам токой жандыктарынын, айрыкча коалалардын жашоосу кыйындап кеткен. Ушуга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду (WWF) коалаларды сактап калуу, тукумун көбөйтүү максатында дрондун жардамы менен Австралиядагы өрттөнүп кеткен сагыз дарактарынын ордуна жаңы уруктарды себүүдө. Сагыз дарагынын жалбырактары коаланын негизги азыгы болуп саналат.

WWFтин Австралиядагы филиалы коалалардын санын эки эсеге көбөйтүүнү жана 5 жылдын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды сыноону жана үрөн себүүнүн башка ыкмаларын каржылоо үчүн 300 миллион австралия долларын (210 миллион АКШ доллары) чогултууну көздөйт. Ошондой эле өрттүн кесепетинен 3 миллиардга жакын токой жандыгы жок болгон же башка жакка ооп кеткен деп эсептейт.

WWFтин кээ бир дрондору күнүнө 40 миң үрөн отургуза алат жана бул табиятты калыбына келтирүүгө жардам берет.

Июнь айында өткөн парламенттик иликтөөдө Жаңы Түштүк Уэльстеги коалаларды коргоо боюнча тез арада чара көрүлбөсө, 2050-жылга чейин тукум курут болуп кетиши мүмкүн экени аныкталган.

Австралияда акыркы эки жылдык кургакчылыктан улам келип чыккан улуу өрт табиятты эле жабыркатпастан, 34 адамдын каза табышына, 3 миңге жакын үйдүн кыйроого учурашына да себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM