Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Парламенттик шайлоо онлайн өтүшү мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 381 | 0

Казакстанда COVID-19 тумоосу күч алып жатканына байланыштуу алдыдагы парламенттик шайлоо онлайн добуш берүү аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой маалымат каражаттары үчүн өткөргөн брифингде билдиргенин бир катар казак басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, министр учурда «эпидемиологиялык абалга жараша добуш берүүнүн бир нече форматы» каралып жатканын, бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен кеңешмелерди өткөргөнүн айткан.

— Биздин милдетибиз: шайлоодо коопсуздукту камсыз кылуу. Добуш берүү кандай форматта өтпөсүн, биз үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышы маанилүү. Добуш берүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз. Шайлоонун коопсуз өткөрүү үчүн болгон чараларды көрөбүз, — деген Цой.

Ошол эле учурда шайлоону мындай өткөрүүгө айрым бир тараптар нааразычылыгын билдирип, каршы чыгышууда. Айталы, «Аvaaz.org» сайты парламенттик шайлоонун онлайн өтүүсүнө каршы петиция жарыяланган. Петициянын авторлору пандемия шартында шайлоону кийинкиге жылдырууну сунуштап, президент Касым-Жомарт Токаевден онлайн жана аралаш добуш берүүгө тыюу салууну талап кылууда.

«Өткөн праймериз добуш берүүнүн бул системасы ачык-айкын болбой турганын көрсөттү. Биздин санарип системабыз техникалык жактан да, мыйзам жагынан да добуш берүүнүн мындай түрүнө даяр эмес. Казакстандын Конституциясында да, «Шайлоолор жөнүндө» мыйзамдын электрондук добуш берүү тууралуу беренесинде да интернет добуш берүү каралган эмес. Биздин мыйзам добуш берүүнүн каралбаган башка түрлөрүнө тыюу салат», — деп жазылган петициянын текстинде.

Бүгүнкү күнгө карата петицияга 218 киши кол койду. Мыйзамга ылайык, Казакстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 25-январына чейин өтүшү керек. Азырынча шайлоонун так күнү жарыялана элек. «Нур Отан» партиясынын талапкерлерин тандоо боюнча праймериз октябрдын башында өткөн. Бул өнөктүктү катышуучулар менен байкоочулардын көбү сынга алып, ал ачык-айкын эмес экенин, бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөй каларын айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM