Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттүн жаңы курамы саясий соода менен түзүлүп калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2020 | 3935 | 0

Премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жаңы курамын тааныштырып, курам 20-30%га алмашканын билдирди.

Өкмөттүн жаңы курамы:

Биз өкмөттүн жаңы курамы боюнча саясат талдоочу, медиа-эксперт Руслан Акматбек менен «Күт чекит» программасында маек курдук.

— Руслан мырза, өкмөттүн жаңы курамына кандай баа бердиңиз? Кесипкөй адистер келди деп айтууга болобу? 

— Биринчиден, Садыр Жапаровдун маселеси мыйзам жолу менен чечилгени өлкө үчүн жакшы болду. Бирок өкмөттүн курамы боюнча элдин күтүүсү ишке ашкан жок. Ортодо элдин толкуну болбогондой эле мурдагы курам 20-30% гана алмашып, келип алды. Ал эми коомчулук эмнени күттү эле? Эл жаңыланууну күткөн. Кесипкөй адистер келип, өлкөнү саясий, экономикалык кризистен, келе жаткан тобокелчиликтерден куткарып, жаңы кадам таштай турганын күткөн. Тилекке каршы, бул курам саясий сооданын жыйынтыгы менен түзүлгөндөй ой калтырды. Себеби өкмөттүн курамын карап көрсөк, вице-премьер-министр Аида Исмаилованын ишмердүүлүгүн пандемияда көрдүк. Ошол эле мурдагы Экономика министри Артем Новиков эмнени кыйратты эле? Ал кайсы ийгилиги үчүн биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалып жатат? Жаңы курамда бир-эки жүз жаңыланбаса, калганы эски жүздөр. Мен бир канча жерде мекендештердин талкуусуна күбө болдум. Новиков Орусиядан келген жогорку даражалуу адам менен болгон сүйлөшүүнүн арты менен көрсөтүлгөн жүз экени айтылууда. Ошондуктан, бул өкмөт ийгиликтүү болсун дейли. Бирок курамдагылардын көпчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө коомчулук күбө болгон.

— Учурда өлкөдө саясий да, экономикалык да кризис курч. Бул өкмөт жаңы курамы менен абалды жөнгө салып кете алабы? 

— Буюрса, абалды жөнгө салып кетсин, эл күткөн кадамдар ташталсын. Бирок өкмөт ийгиликтүү болушу үчүн жакшы команда, чечкиндүүлүк керек. Тилекке каршы, аталган компоненттер өкмөттүн жаңы курамында жок. Алар команда катары иштеп кетерине чоң күмөнүм бар. Себеби курам саясий соода менен түзүлгөн. Ар кандай күчтөр өзүнүн өкүлдөрүн курамга кошкон. Ал эми чечкиндүүлүккө келсек, бизде өкмөт дайыма президенттин көзүн карап келген. Бирок президенттин да кетер-кетпеси белгилүү боло элек. Ал эми Садыр Жапаровдун маселеси чечилип, жок дегенде белгисиздиктен кутулдук деп сүйүнүп туралы.

— Алгач кайсы маселелерге көңүл буруу керек?

— Азыр коопсуздук, стабилдүүлүк маселеси — эң орчундуу. Анткени митинг уланууда. Өзгөчө абалга карабай, эч ким эч кандай чара көрбөй жатат. Бул — абдан жаман көрүнүш. Экинчиден, коронавирус күчөп баратат. Ага тийиштүү көнүл бурулбай жатат. Илдет тууралуу кабарлар саясий жаңылыктардын көлөкөсүндө калып калууда. Үчүнчүсү, экономикалык маселелер. Бул жаатта көп жоготууларга учурадык. Бизнестин алдында белгисиздик бар. Бизнес чыркырап үнүн жеткире албай жатат. Төртүнчү маселе — уюшкан кылмыштуу топтор. Кримчөйрө кааласа өлкөдө күн тартибин өзгөртүп коё турган даражага келип калганын көрдүк. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү керек. Ал үчүн өкмөткө билимдүү кадрлар келиши кажет эле. Ага саясий эрк керек болчу. Бирок жаңы өкмөттө булар көрүнбөй жатат. Акыркы күндөрдө кызмат бөлүштүрүү, саясий соода менен алектенип калгандайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM