Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда «Өкмөттүн айрым мүчөлөрүн кызматтан бошотуу тууралуу» Жарлыкка кол койду. Ага ылайык:
—Алмазбек Баатырбеков — биринчи вице-премьер-министр кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Эркин Асрандиев — вице-премьер-министр кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Акрам Мадумаров — вице-премьер-министр кызматынан;
—Таалайбек Темиралиев — Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси кызматынан;
—Чыңгыз Айдарбеков — Тышкы иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Бактыгүл Жээнбаева — Каржы министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Жанат Бейшенов — Транспорт жана жолдор министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Замирбек Аскаров — Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Каныбек Исаков — Билим берүү жана илим министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Кашкар Жунушалиев — Ички иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Сабиржан Абдикаримов — Саламаттыкты сактоо министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Азамат Жаманкулов — Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;
—Эмил Осмонбетов — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынын милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн жаңы курамы (тизме)