Биз менен байланышыңыз

Изилдөөчүлөр коронавирусту экинчи жолу жуктуруп алуу мүмкүн экенин аныкташты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 432 | 0

АКШнын Невада штатынын 25 жаштагы тургуну болжол менен 1,5 айдан кийин кайрадан коронавирус жуктуруп алган. Ал учурда ооруканада жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. Кесипкөй илимий-медициналык «The Lanced Infectios Diseases» журналы изилдөөчүлөрдүн корутундусуна таянып билдиргендей, экинчи жолку жуктуруп алуу биринчисине салыштырмалуу оор өтөт .

Окумуштуулардын айтуусуна караганда, оорулуу коронавирустун эки жаңы түрүн жуктуруп алган. Мындан сырткары, дагы төрт жаңы учур катталганын билдиришти. Ал ооруну жуктуруп алуу учурда Бельгия, Нидерланды, Гонконг жана Эквадордо экинчи ирет кайталанып жатат.

Невада университетинин доктору Марк Пандориненин айтымында, биринчи жолу жуктуруп алуудан  кийин иммунитет узакка чейин калыбына келбейт. Ошол себептен, экинчи жолу жуктуруп алуу баары бир мүмкүн экенин белгиледи.

Германияда коронавируска каршы тапшырган тесттердин жыйынтыгы оң чыккан учурлар көп катталууда. Бирок, Covidдин экинчи толкуну, биринчисинде караганда жогору болушу күтүлүүдө. Өлкөдөгү экономикалык жана коомдук абал март, апрель айларындай болушу ыктымал. Ошентсе да Германиянын  парламенттик башкаруусу 12-октябрь күнү кырдаал тууралуу кошумча сөз айткан жок. Учурдагы экономиканын туруктуулугу жана окуу жайлардын ачылышы боюнча гана талкууланды.

12-октябрдан тарта, пандемия учурунда жакырчылыктын саны эки эсе көбөйүшү мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM