Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө 37,4 миллиондон ашуун адам COVID-19 жуктурган

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 503 | 0

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктурган 37 408 593 бейтап катталды. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.

12-октябрга карата жалпы дүйнө жүзү боюнча 1 075 942 адам каза тапты. Аталган университеттин айтымында, бул эң жогорку көрсөткүч катары эсептелди.

Вирус эң көп тараган өлкөлөрдүн алдыңкы сабына АКШ (илдет жуктургандар — 7 762 546, айыккандар — 3 миллиондон ашуун, каза тапкандар — 214 768), Индия (илдет жуктургандар — 7 120 538, айыккандар — 6 100 000, каза тапкандар — 109 150) жана Бразилия (илдет жуктургандар — 5 094 979, айыккандар — 4 500 000, каза тапкандар — 150 488) кирди. Эскерте кетсек, бул тизмеге 4 миллиондон ашуун бейтап катталган мамлекеттер кирет.

Эскерте кетсе коронавирус — бир чынжырлуу РНК( рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы инфекция. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат.

Copyright © 2017 Maral FM