Биз менен байланышыңыз

УКМК: Айбек Калиев өз ыктыяры менен абакка кайтып келди

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 407 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 12-октябрда Улуттук энергохолдинг ишканасынын мурунку жетекчиси Айбек Калиев өз ыктыяры менен кайра абакка келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Айбек Калиев 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда мыйзамсыз түрдө эркиндикке чыккан.

Учурда Калиевди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын абагына жеткиришти, ал мындан ары да жазасын өтөйт.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкекте өткөн тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM