Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Равшан Жээнбеков кармалды

Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 1171 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда кармалып, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, 9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталган.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Бишкек шаарындагы кафелердин биринен Равшан Жээнбеков кармалды.

Азыркы учурда ал ИИМдин Тергөө кызматында.

Copyright © 2017 Maral FM