Биз менен байланышыңыз

Парламент Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 1186 | 1

Бүгүн, 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат.

Жыйында күн тартибиндеги алгачкы маселе катары өкмөт башчынын талапкерлиги, анын программасы жана өкмөттүн жаңы курамы каралды. Бир катар суроолор берилип, жооптор алынгандан кийин премьер-министр кызматына талапкер Садыр Жапаровду кызмат орунга шайлап, бекитип берүү үчүн президенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Мыйзамга ылайык, үч күн ичинде президент «Премьер-министрди кызмат ордуна дайындоо тууралуу» жарлыкка кол коюшу керек жана бекилген өкмөттүн курамы эки жуманын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында ант берүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров өкмөттүн азыркы курамы менен иштей турган болду.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур. Башкортостан

    10.10.2020 19:54

    Ушундай элге ак кызмат кылам деген инсанды абакта кармап отурган сот, бийлик окулдору жоопко тартылсын.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM