Учурда Кыргызстан күтүү режиминде турат. Тагыраагы, өлкө башчысы кайда, бийликке кимдер келди? Башкаруу кимде? Кыргызстан башкаруу саясатында кандай чечимдерге токтолду? Кошуна өлкөлөр Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу эмне деп жатышат? Ички ынтымак орнобосо, сырткы күчтөрдүн аралашуусу мүмкүнбү? Мына ушул сыяктуу калкты түйшөлткөн суроолорду эл аралык мамилелер боюнча серепчилерге берип көрдүк.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан кырдаал боюнча кайрылуу жасап, бардык тараптарды сабырдуулукка, күч колдонуудан алыс болууга чакырды.
БУУнун башкы катчысы Кыргызстандагы абал боюнча кайрылуу жасады
Орусиянын президенти Владимир Путин да саясий туруктуулукка чакырып өттү. Ошондой эле ал Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен байланышта экендигин айтты.
— Шайлоодон кийинки болгон окуялар мени да тынчсыздандырууда. Биз бул конфликт тынчтык жолу менен чечилет деп үмүт кылабыз. Расмий Москва Кыргызстандагы ички саясий абал тез арада, эч кандай жоготууларсыз өзүнө келет деп эсептейт. Биз Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен байланышта болуп турабыз. Ички саясий кырдаал турукташкан соң, кызматташууну улантабыз.
Ал ошондой эле Кыргызстандагы шайлоонун ачык өткөнүн эл аралык байкоочулар да тааныганын кошумчалап, шайлоонун жыйынтыгы 5-октябрдагы башаламандыктан соң, жокко чыгарылганын айтып өткөн.
«Народная оборона» журналынын башкы редактору, эл аралык саясий серепчи Игорь Коротенко башкаруусу күчтүү өлкөлөр Кыргызстандагыдай окуяга жол бербей турганын айтат.
— Бишкекте Минскиде даярдалган нерселер өтүп жатат. Бул жерде бийлик алсыздыгын көрсөттү. Ошол эле учурда бул Кыргызстан үчүн кезектеги чоң катастрофа болду.
Ал абал турукташуусу үчүн саясий күчтөр ымалага келиши керектигин белгилейт.
Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов Кыргызстан демократиялык мамлекет катары кошуна өлкөлөргө үлгү болуп жатканын айтат.
— Кыргызстан регионалдык уюмдарга киребиз да. Орусия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу тышкы мамлекеттер байкоо салып карап турушат. Биз кайрадан шайлоо өткөрүп, укуктук талаага алып келишибиз керек. Туруктуу өкмөт, туруктуу мамлекет болгондон кийин, башка мамлекеттер менен да мамилебизди оңдой алабыз. БУУ, Орусия жана башкалар да тынчтыкка чакырууда. Кээ бир мамлекеттер бар, алар коркуп жатышат. Мисалы Тажикстанда, Молдовада жакында шайлоо болот. Айрым серепчилер: «Кылбай эле койсокпу?» — деген да сунуштарын айтышууда. Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары демократиянын кандай болушу жагынан Борбор Азия өлкөлөрүнө үлгү болуп, аларга да жаңыланууну көрсөтүп жатат.
Ал эми дагы бир эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул ар бир саясий көтөрүлүш Кыргызстанды 5-6 жылга артка кетирерин белгилейт:
— Сырткы мамлекеттер баары эле эртерээк мыйзамдын чегинде чечимдерди кабыл алып, кризистен чыгуубузду күтүп турат. Муну сырткы мамлекеттер эле эмес, биздин эл да күтүп турган чагы. Азыр мамлекеттик түзүм, мамлекеттик бийлик жок болуп жатса, кошуна өлкөлөр ким менен мамиле түзмөк эле. Биз эл аралык бирикмелерге кирип, милдетибизди толук аткара албай тургандай ынтымаксыздыкты көрсөтүп жатабыз. Ар бир саясий көтөрүлүш өлкөнү 5-7 жылга артка кетирет. Реалдуу түрдө айтканда, негативдүү кабыл алуулар көп.
Учурда бийлик бөлүштүрө албай жаткандар сырттан колдоо күтүп турганын айткан Кыргызстандын Түркиядагы жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов сырттан келип эч ким жардам бербей турганын, өлкөгө ички саясий ынтымак керектигин белгилейт:
— Адахан Мадумаров түзгөн Координациялык кеңешти Садыр Жапаровдун тарапташтары жокко чыгарды. Дагы башка бирөөлөр Жапаровго каршы чыгууда. Кыскасы, өлкө саясий кризиске кептелип турган чагы. Бул кырдаалдан тезирээк чыксак жакшы болот эле. Сырттан келип, эч ким бизге жардам бербейт. Учурда бийликти бөлүштүрө албай жаткандар: «Сырттан бирөө колдосо экен, сырттагылардын колдоосу менен өтүп кетсем экен», — деп үмүт кылып турат. Бизге түз таасирдүү өлкө — Орусия. Кыргызстан менен байланышы да, Кыргызстанга болгон колдоосу да жакшы. Эми биз тарап таптакыр эле ымалага, бир чечимге келбей туруп алсак, айла жоктон аралашуусу мүмкүн. Бирок бул жагдай болсо, биз тараптын сурануусу менен болот, Орусиянын каалоосу менен эмес.
Саясий серепчи Орусиянын учурдагы позициясы — өз алдынча аралашуу оюнда жок, кайсы саясий күчтү эл колдосо, ошолор менен байланыш түзүп, мамилени уланта берерин айтат.
Расмий Кремль буга чейин Кыргызстандагы кырдаал — бул: өлкөнүн ички маселеси экендигин белгилеген.
-Батыш өлкөсүнөн колдоо күткөн да бир топ болуп турат. Батыш деген эми бир мамлекет болбосо, өздөрүндө азыр пикир келишпестиктер орун алып турса, каяктан колдоо көрсөтмөк эле.
Абылов башка мамлекеттерден, сырткы күчтөрдөн колдоо күтүп, аларга көз каранды болуп отурбай, ички биримдикке келүү зарылдыгын кошумчалады.
Бул арада кошуна өлкөлөр да байкоо салып турганын, Кыргызстанга стабилдүүлүк кааларын айтып өтүштү.
Өзбекстан менен Казакстандын президенттери Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча пикир алмашты. Анда коңшу өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстандагы кырдаал Конституциянын негизинде тез арада калыбына келет деген ишенимин билдиришкен.
Өзбекстан ТИМи Кыргызстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады
Ошондой эле, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы парламенттик шайлоодон кийин болгон окуяларга терең тынчсыздандырарын билдирген.