Биз менен байланышыңыз

БУУнун башкы катчысы Кыргызстандагы абал боюнча кайрылуу жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 783 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу башкы катчынын өкүлү Стефан Дюжаррик чет элдик басылмаларга билдирген.

— БУУнун башкы катчысы каза болгондорго кайгырат жана бардык тараптарды сабырдуулукка, күч колдонуудан алыс болууга чакырат, — дейт Дюжаррик.

Гутерриш Кыргызстандагы болуп жаткан окуялардын катышуучуларын бардык маселени мыйзамдын чегинен чыкпай чечишүүгө чакырат. Ошол эле учурда БУУ учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган аракеттерди колдоого даяр.

Өзбекстан ТИМи Кыргызстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM