Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан ТИМи Кыргызстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 801 | 0

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы окуялар боюнча билдирүү жасады.

— Өзбекстан Республикасы Кыргызстандагы соңку жагдайлар жана курч кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирет. Жакын коңшу, стратегиялык өнөктөш катары Өзбекстан боордош Кыргызстан элин укуктук талаага кайтып келип, тез арада абалды турукташтырарына үмүттөнөт жана ишенет, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Кыргызстандын туруктуулугу жана өнүгүүсү жалпы Борбор Азиядагы мамлекеттердин да коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү фактор болуп саналарын айтып, Өзбекстан кыргыз элине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстан 6-октябрга караган түнү кыргызстандыктар үчүн чек арасын жапкан. Ал эми жүк ташуучуларга чектөө коюлган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM