Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот: Биз көз карандысыз органбыз

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 774 | 0

Кыргызстандын Жогорку Соту бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды мыйзамды сактоого чакырды. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө сот бийлиги көз карандысыз экени, соттордун төрагаларын сот бийлиги гана шайлай алары айтылат.

«Ар бир адамдын жасаган иш-аракети так жана мыйзамга негизделиши керек. Жогорку Сот бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды мыйзамды сактоого чакырат. Сот бийлиги көз карандысыз, андыктан соттордун төрагаларын сот бийлиги гана шайлай алат. Адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоону күчтүү, көз карандысыз сот тутуму болмоюнча элестетүү мүмкүн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле соттордун ишине тышкы кийлигишүүлөр көз карандысыздык принцибин одоно бузары, бул соттун иштешине тоскоолдук кылары белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM