Биз менен байланышыңыз

Мелис Мырзакматов Ошко келди

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 467 | 0

6-октябрда Ош шаарына мурдагы мэр Мелис Мырзакматов учуп келди. Аянтта чогулган элдин алдында чыккан Мырзакматов өз сөзүн кечигүү себебин түшүндүрүүдөн баштап, көп күттүрүп койгону үчүн кечирим сурады.

Мындан тышкары өлкөдөгү бүгүнкү кырдаал боюнча пикирин билдирип, мамлекет өтө опуртал абалда, бөлүнүп-жарылуу коркунучунда тургандыгын айтып, андыктан андай иштерге каршы туруп, биримдикти, тынчтыкты сактап калууга үндөдү. Ошондой эле 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо өтө ыплас иштер менен коштолду деген пикирлерге кошуларын маалымдады.

Белгилей кетсек, 6-октябрда Оштогу нааразылык акциясынын катышуучулары Мелис Мырзакматовду кайтып келүүгө чакырган. Ал жакындары аркылуу элдин чакырыгын кабыл алганын, Түркиядан тез арада кайтып барарын кабарлаган. Кабарды уккан аянттагы эл да тарап кетпей күтүп турушкан эле.

Мелис Мырзакматов 2007-жылы «Ак жол» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошол эле жылы Ош шаарынын мэри кызматына дайындалган. 2010-жылы «Улуттар биримдиги» партиясын түптөгөн. 2014-жылы Ош шаарындагы эстакадалык жолду курууда коррупциялык иштерге барган деген айып менен кызматынан алынып, кылмыш иши козголгон. Бирок өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Сыртынан 7 жылга соттолуп, издөөдө жүргөн болчу. 2015-жылы парламенттик шайлоодо «Улуттар биримдиги» партиясы «Ата-Мекен» партиясы менен биригип, Мырзакматов тизмеде 3-катарга жазылган. Бирок кийин депутаттык мандат алган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM