Биз менен байланышыңыз

Үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн бир катар ЖМКларга айып пул салынды

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 407 | 0

Парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө бир катар маалымат агенттиктерине айып пул салынды. Бул тууралуу 4-октябрдагы басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо учурундагы талаштарды жана арыздарды кароо боюнча  жумушчу тобунун төрагасы Алмаз Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, 24.kg, «Чындык Медиа», «Кактус Медиа» ЖМКларына Бузуулар жөнүндө кодексинин 44-беренеси ( Үгүт жүргүзүүнүн эрежесин бузуу) боюнча 5 категорияда, жалпы суммасы 28 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, «Мекеним Кыргызстан» жана «Ата Мекен» саясий партияларынын 2 талапкерине 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Алар шайлоо алдындагы үгүт учурунда эрежелерди бузган.

«Кыргызстан» партиясынын 1 талапкерине шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Шайлоо алдындагы үгүт учурунда эреже бузгандыгы үчүн Биринчи май районунун №12 МТУсунун башчысына эскертүү берилди.

Президент журналисттерге ыраазычылык билдирди

Бүгүн өлкө аймагында 2430, чет мамлекеттерде 45 шайлоо участкасы иштеп жатат. Добуш берүү бөлмөсүнөн сырткары жерде добуш берүү уюштурулуп, ага 29 миң 330 жаран арыз берген.

Алардын реестрлери түзүлүп ар бир шайлоо участкасында 2-октябрда илинип, кечээ добуш берүү жүргүзүлдү. Алардын 24 миң 402си добуш берүү бөлмөсүнөн сырткары жерде добуш берүүгө катышты.

Бул реестрге киргизилген шайлоочулардын 83.5% түзөт. 4448 түрдүү себептер менен добуш берүүгө катыша алган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM