Биз менен байланышыңыз

Президент журналисттерге ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 366 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн добуш бергенден кийин журналисттерге ыраазычылык билдирди. Ал массалык маалымат каражаттары шайлоо процессин ар тараптуу чагылдырып турганын айтты.

«Журналисттерге ырахмат, шайлоо өнөктүгүн объективдүү чагылдырып бердиңер. Силердин кылган ишиңердин артынан биздин мамлекетте күчтүү жарандык коом жана күчтүү сөз эркиндиги бар экенин баарына көрсөтө алдык. Президент катары мен тараптан шайлоолор ачык, адилеттүү өтүшүн мыйзам алдында бардык милдеттеримди аткардым», — деди өлкө башчы.

Президент 4-октябрдагы парламенттик шайлоо күнү Бишкектеги Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде жайгашкан №1327 шайлоо участогунда добуш берди.

БШК: Шайлоочулардын саны 94 миңге өстү

Бүгүн, 4-октябрда добуш берүү күнү Өкмөт үйүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштейт.

Добуш берүү күнү шайлоочулар электр жарыгынын, интернеттин жоктугу, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан беткап режиминин, санитардык ченемдердин сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

«Марал» радиосу шайлоонун жүрүшүн бардык каналдары аркылуу чагылдырат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM